Маматалиев, Икрамов тормозни-сникерсни! – Камчыбек Ташиев ундун баасы көтөрүлүп жатат деген сын-пикир тууралуу

Ундун баасы боюнча көтөрүлүп кетти деп «хайп» кармаган депутаттарга айтаарым баа которулбойт,мамлекетте кошумча чаралар көрүлгөн, деп УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев коомчулукка кайрылды.

Ташиев казактардын унунун баасы көтөрүлгөнүн мойнунап алып, бирок ал Кыргызстандан көз каранды эмес, өлкөгө эч зыян алып келбейт деп кошумчалады.

“Өсумдук майы, кумшекер да жетиштүү, баалар көтөрүлбөйт! Мамлекетибиздин азык тулук коопсуздугу жетиштүү камсыздалган.  Так что ЖК депутаттары [Марлен] Маматалиев, [Тазабек] Икрамов тормозни-сникерсни!”, - деп Ташиев баса белгиледи.

Анын айтымында, ундун баасы жакын арада мындан да төмөндөшү мумкун, себеби арзан баада камдап койгон буудайлар кийинки түшүмгө чейин жетет.