Садыр Жапаров ЭВФнун башкаруучу-директору Кристалина Георгиева менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарына болгон иш сапарынын алкагында Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) башкаруучу-директору Кристалина Георгиева менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.

ЭВФ менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү, ошондой эле глобалдык экономикалык кырдаалды өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы Кыргызстан ЭВФ менен кызматташууга чоң маани берерин, ал структуралык реформаларды алга жылдырууга жана жалпысынан өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө ар дайым колдоо көрсөтөөрүн белгиледи.

Садыр Жапаров акыркы жылдары климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери дүйнө жүзү боюнча көбүрөөк байкалып жатканын баса белгиледи. Бул маселе глобалдык күн тартибиннин орчундуу маселеси жана жашыл экономикага өтүү үчүн структуралык жылыштарды талап кылат.

Баарлашуунун жүрүшүндө Президент Кыргызстандын энергетика секторуна өзгөчө көңүл буруп, жакынкы 5 жылда кубаттуулукту кыйла жогорулатуу жана жаңы ГЭСтерди куруу менен негизги генерациялоочу кубаттуулуктарды реконструкциялоо боюнча масштабдуу долбоорлордун бүтүндөй программасы ишке ашырыларын белгиледи.

Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө Кыргызстан өлкөнүн суу-энергетикалык ресурстарынын 13% гана пайдаланарын, ошол эле учурда суу ресурстарына бай өлкө экенин белгиледи. Мамлекет өз күчү жана инвесторлордун жардамы менен жакынкы жылдары өлкө аймагында 50дөн 100гө чейинки чакан ГЭСтерди, анын ичинен жылдын аягына чейин 16сын ишке киргизет.

Бул контекстте Садыр Жапаров Кыргызстандын "жашыл" демилгелерди, анын ичинде эл аралык уюмдар менен аларды өнүктүрүүгө кызыкдар экенине басым жасады.

Жыйынтыгында тараптар ЭВФ менен түзүлгөн келишимдердин алкагында жүргүзүлүп жаткан экономикалык жана социалдык реформалардын комплекстүү программасын ишке ашырууга багытталган натыйжалуу кызматташууну күчөтүү жөнүндө макулдашты.