Садыр Жапаров Кореянын президенти Юн Сок Ёль менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Нью-Йоркто Корея Республикасынын президенти Юн Сок Ёль менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.

Өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун негизги аспектилери боюнча пикир алмашты. Садыр Жапаров бул жолугушууну уюштуруу демилгеси үчүн Корея президентине ыраазычылык айтып, эки өлкө ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жаңы дем берет, деген ишенимин билдирди.

Ал Корея менен кызматташтыкты чыңдоо жана өнүктүрүү – өлкөнүн тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин баса белгиледи. Кыргызстан Корея Республикасын Азия-Тынч океан аймагындагы маанилүү жана артыкчылыктуу өнөктөштөрүнүн бири катары эсептейт.

Мамлекет башчысы Корея менен кызматташуунун бардык артыкчылыктуу багыттары боюнча өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө абдан кызыкдар экендигин билдирди.

Экономикадагы "жашыл долбоорлордун" ордуна тышкы карызды реструктуризациялоо тууралуу кыргыз тараптын демилгеси тууралуу айтып жатып, Садыр Жапаров кызматташуунун бул вариантын эки тараптуу контекстте кароону да сунуштады.

Учурдан пайдаланып, президент Садыр Жапаров Корея лидерин Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Баарлашуунун жүрүшүндө Юн Сок Ёль Корея өз тарабынан алдыңкы технологияларды колдонуу жаатындагы мыкты тажрыйбасын керек болгон бардык адамдар менен бөлүшүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Сөзүнүн аягында Корея президенти Садыр Жапаровго Кыргызстанга келүүгө чакырганы үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкө ортосундагы саясий диалогду бекемдөөгө даяр экендигин айтты.