«Манастын» жетекчилиги «Караван» аэропортунун кыш мезгилине даярдыгын текшерди

«Ош» эл аралык аэропортунун жетекчиси Тимурлан Орунбеков түштүк аймактардагы аэропорттордун кышка даярдыгы жана жасалып жаткан иштерди текшерип, Жалал-Абад облусунда орун алган «Караван» аэропортуна баш бакты. Бул тууралуу «МЭА» ААКнын маалымат кызматы билдирди.

Орунбеков жакында ишке берилип, учактарды кабыл ала турган «Караван» аэропортунун учуп-конуу тилкесин жана аэробекеттин абалына көңүл бурду.

«Аймактардагы аэропортторду модернизациялоо боюнча баштапкы программа аймактардын экономикалык потенциалын жогорулатууга жана ички аба каттамдарын жакшыртууга багытталган», - деди Тимурлан Орунбеков.

Эске салсак, учуп-конуу тилкесинин туурасы 15 метрге кеңейтилди, учурда 35 метрди түзүп, RJ-85 үлгүсүндөгү учактарды кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Учуп-конуу тилкесинин жалпы узундугу 1 740 метрге жетип, учактарды күндүз кабыл алууга шарт түзүлдү.