Садыр Жапаров Нью-Йорк фондулук биржасына барды – фотобаян

Президент Садыр Жапаров, 21-сентябрда Уолл-Стритте жайгашкан Нью-Йорк фондулук биржасына (NYSE) барды. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.

Такталгандай, Нью-Йорк фондулук биржасынын вице-президенти Джон Таттл сооданы жеңилдетүү үчүн колдонулган, төрт соода залдарынан турган NYSE соода аянты жөнүндө, ошондой эле анын тарыхы, түзүмү жана ишмердүүлүгү жөнүндө кеңири айтып берди.

Нью-Йорк фондулук биржасынын кеңсесинде жүргөндө мамлекет башчысы биржанын иш процесси менен таанышууга жана тооруктун жүрүшүн байкоого мүмкүнчүлүгү болду.