Кубанычбек Самаков Жогорку Кеңешинин депутаты катары катталды

Борбордук шайлоо комиссиясы Кубанычбек Самаковду Бишкектин Ленин районунан Жогорку Кеңештин депутаты катары каттады.

Такталгандай, Ленин бир мандаттуу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоосу 2023-жылдын 10-сентябрында өттү.

Самаков эң көп добуш алган – аны 5 273 шайлоочулар же 26.14% колдогон. Эске салсак, Кубанычбек Самаков мандатына ажыраган Өмүрбек Бакировдун ордуна депутат болуп шайланды.