Акылбек Жапаров Касы-Жомарт Токаев менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Астана шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолукту. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Акылбек Жапаров Казакстандын президентине Садыр Жапаровдун саламын жана каалоо-тилектерин жолдоду.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар евразиялык мейкиндикте интеграциялык процесстерди мындан ары чыңдоо жана өнүктүрүү, соода-экономикалык мамилелерди жана өнөр жай чөйрөсүндө кызматташууну кеңейтүү боюнча кызматташтыкты бекемдөө маселелерин кеңири талкуулашты.