БАЭ Кыргызстан менен энергетика багытында кызматташууга кызыкдар

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайга болгон жумуш сапарынын алкагында Бириккен Араб Эмираттарынын Энергетика жана инфраструктура министри Сухейл Мохаммед Аль-Мазруи менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө КР менен БАЭ ортосундагы мамилелер жана энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууда эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүнүн мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Бакыт Төрөбаев ошондой эле өлкөнүн энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруунун кеңири перспективалары тууралуу маалымат берип, эмират тараптын көңүлүн Кытай Эл Республикасы менен электр энергиясын жеткирүү боюнча жетишилген макулдашууларга бурду.

Эмират тарап белгиленген мүмкүнчүлүктөргө өзгөчө кызыгуусун билдирип, БАЭнин катышуусу менен бул багытта кызматташууну арттырууну сунуштады.

Masdar компаниясы тарабынан күн электр станциясын куруу долбоорун ишке ашырууну тездетүү маселеси дагы талкууланды. Тараптар бул багыттагы иштерди күчөтүүнү макулдашты.