Ошто кызматтык батирлерди мыйзамсыз бөлүштүргөн ИИМдин аткаминерлери кармалды

2021-жылы Ош шаарында милиция кызматкерлери үчүн 220 батирлүү үй курулуп, алар кезектүүлүк боюнча батир алышкан. Батирлер мыйзамсыз бөлүштүрүү боюнча көптөгөн даттануулар келип түшкөндөн кийин кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Такталгандай, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызмат адамдарынын аракеттеринде кылмыштын курамы жок болгондуктан кыскартылган.

Бирок КР Башкы прокуратурасы тарабынан кылмыш иши кайрадан козголуп, КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына өткөрүп берилген.

“Тергөөнүн жүрүшүндө, 2021-жылы Ош облусунун ИИБнын Транспорт боюнча ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги М.Ы.А. жана анын орун басары Ж.М.Р. кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, биринчи кезектеги кызматкерлерди башка аймактарга атайылап которушкан.  Андан кийин Турак-жай жана турмуш-тиричилик комиссиясынын мүчөлөрү менен алдын ала сүйлөшүп алышып, акчалай сыйлык алуу учун документтерди бурмалоо жолу менен мурда кезекте турбаган адамдарды биринчи кезектин катарына киргизишкен”, - деп мекеме белгиледи.

Тергөө тарабынан чогултулган далилдердин негизинде 2023-жылдын 25-сентябрында Транспорт боюнча ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси М.Ы.А., анын орун басары Ж.М.Р. жана кызматкер Д.А.К. кармалып, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.