Садыр Жапаров Берлинде "ФРГ - Борбор Азия" саммитине катышат

Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 29-сентябрында Берлин шаарында биринчи жолу өтө турган "ФРГ - Борбор Азия" саммитинин ишине катышат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

"Мамлекет башчысы ошондой эле Федералдык канцлер Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт, анын жүрүшүндө кыргыз-герман кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде экономикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү, экология жана климаттын өзгөрүшү маселелерин талкуулоо пландаштырылууда", - деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Жапаров сапардын алкагында Борбор Азия лидерлеринин Германиянын Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер, ошондой эле "Германия экономикасынын Чыгыш комитети" герман ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү менен биргелешкен жолугушуусуна катышуусу пландаштырылууда.