Садыр Жапаров Малайзиядагы элчини кызматынан бошотту

Алтынбек Жумаев Кыргызстандын Малайзиядагы Элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, президенти Садыр Жапаров тиешелүү жарлыкка кол койгон.

Эске салсак, Жумаев 2023-жылдын июнунда ээлеген кызматына дайындалган.