Садыр Жапаров Германияга учуп кетти – делегациянын курамы

Президент Садыр Жапаров, 28-сентябрда, Германиянын федералдык канцлери Олаф Шольцтун чакыруусу менен 29-сентябрда өтө турган “Германия – Борбордук Азия” саммитине катышуу үчүн иш сапары менен Берлин шаарына учуп кетти. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Жапаров иш сапарынын алкагында Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр, Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен Борбордук Азия мамлекет башчыларынын биргелешкен жолугушуусуна катышуу, “Германиянын экономикасынын чыгыш комитети” герман ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү менен жолугушуусу да пландаштырылган.

Расмий делегациясынын курамына төмөнкүлөр кирди:

• Айгүл Жапарова;

• тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

• президентти администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

• Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов;

• экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов.