Өкмөт Япониянын финансы министри менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Япониянын Финансы министринин орун басары Масато Канда менен жолукту. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-япон өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты жана өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө кызматташууну мындан ары кеңейтүү үчүн жогорку потенциалды белгилешти.

Жапаров учурда өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн тездетүү боюнча бардык зарыл чаралар көрүлүп жатканын, ошондой эле жогорку технологияны өнүктүрүү тапшырмасы коюлганын, атаандаштыкка жөндөмдүү экспорттук тармакты өнүктүрүү, мамлекеттин экономикасын камсыз кылууда өнүктүрүүнүн экспорттук-сырьелук түрүнөн индустриалдык-инновациялык түрүнө өтүү милдети коюлганын белгиледи.

Япония автомобиль чыгаруу, кеме куруу, курулуш жана металлургия, энергетика, робототехника жана тамак-аш өнөр жайы сыяктуу тармактарда лидер экенин эске алып, МинКаб Башчысы бул багытта кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Мындан тышкары, ал КРнан кадрларды даярдоону жакшыртуу боюнча чараларды кароону сунуштады, анын ичинде тилди окутуу жана япон эмгек рыногунун муктаждыктарына жооп берген кесип ээлерин үйрөтүү.

Масато Канда ошондой эле япон тарап гранттарды жана жеңилдетилген насыяларды тартуу жана берүү жагынан эл аралык каржы институттары (Азия өнүктүрүү банкы, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы) аркылуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин кошумчалады.