Садыр Жапаров иш сапары менен Берлинге келди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-сентябрда, Берлинге иш сапары менен келди. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Мамлекет башчысынын учагы «Берлин-Бранденрбург» эл аралык аэропортуна конду.

Эске салсак, иш сапарынын алкагында Мамлекет башчысы 29-сентябрда өтө турган «Германия – Борбордук Азия» саммитине катышат, Германиянын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, ошондой эле «Германиянын экономикасынын чыгыш комитети» герман ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү менен жолугушат.