Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара боюнча делегациялары жолугушту

2023-жылдын 2-октябрында Баткенде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын кезектеги биргелешкен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу минкаб билдирди.

КРнын делегациясын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектеп барышты.

Жолугушууда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселеси боюнча кеңири пикир алмашуу болду. Делегациялардын башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясынын калган тилкелердеги өтүүсүн мындан ары сыпаттоо иштерин активдештирүү зарылчылыгы жөнүндө толук өз ара түшүнүшүүлөрүн билдиришип, жумушчу топторго тиешелүү тапшырмаларды беришти.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлду.