Нарын облусунун 27 айыл өкмөтүнө кызматтык автоунаалары тапшырылды

Президент Садыр Жапаров Нарын облусунун 27 айыл өкмөтүнө кызматтык автоунаалары тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Иш чара Ормон Ниязбек уулунун 230 жылдыгына арналган маданий массалык иш чаранын расмий бөлүгү Кочкор айылындагы М.Садыков атындагы стадиондо өткөрүлдү.

Президенттин айтымында, Нарын дубанында 63 айыл өкмөтүнөн ирилештирүүдөн кийин 27 айыл өкмөтү түзүлгөн. Бул мамлекеттик бюджетти сарамжалдуу пайдалануу, мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун, ыкчамдыгын арттыруу максатында кабыл алынган чечим болду.

Реформанын натыйжасында Нарын облусу боюнча 113 млн сом акча каражаты үнөмдөлдү. Мындан сырткары, минкаб тарабынан социалдык-экономикалык абалды жогорулатууга түрткү катары жалпы 270 млн сом акча каражаты бөлүнүүдө. Ошондой эле жайыт, таза суу, сугат суусу жана таштанды маселелерин реформалоо менен кошумча 110 млн сом түшүүдө. Бул акча каражаттар жергиликтүү тургундардын жашоосун жакшыртууга, айыл аймактарды өнүктүрүүгө жумшалмакчы.

Мындан соң Президент тарабынан Нарын облусунун айыл аймактарынын башчыларына 27 кызматтык автоунаанын ачкычтары тапшырылды.