Төрага Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Бүгүн, 3-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулерди кабыл алды. Бул тууралуу ЖК билдирди.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштардын учурдагы абалы, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Төрага Нурланбек Шакиев алгач Николас Боулерди Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктады.

"Сиздин өмүр баяныңыз тууралуу маалымат алып жатып, биздин чөлкөмдө жетиштүү тажрыйбага ээ элчи экениңизди билдим. Андыктан, Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүңүздүн алкагында эки өлкөнүн кызматташтыгын тереңдетип, байланыштарыбызды арттырасыз деген ишеничтемин. Айрыкча, билим берүү тармагы боюнча жигердүү иш алып барып, кыргызстандыктардын Улуу Британиянын жогорку окуу жайларынан билим алуусуна керектүү мүмкүнчүлүктөрдү түзөсүз деген үмүттөмүн", – деди Төрага.

Элчи парламенттер аралык байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүнө токтолгон Нурланбек Шакиев бул жаатта да тыгыз кызматташып, тажрыйба алмашуу зарылчылыгын кошумчалады.

Ошондой эле жолугушууда соода, туризм, айыл чарба, энергетика, жарандарды ишке орноштуруу жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү зарылчылыгы белгиленип, төрага Нурланбек Шакиев кыргыз тарап туруктуу өнүгүүгө багытталган биргелешкен экономикалык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин кошумчалады.

Баарлашуу учурунда сөз эркиндиги жана улуттук коопсуздук маселелери да талкууланып, тараптар демократиялык өнүгүүдө улуттук баалуулуктар сөзсүз эске алынышы керектигин белгилешти.