> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт
- URL: https://im.kg/biilik/2023/10/04/bishkiektie-kmsh-mamliekiet-bashchylarynyn-kienieshinin-zhyiyny-otot/
- Published: 2023-10-04T06:50:24.000Z
- Updated: 2023-10-04T06:50:23.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Саясат, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылдын 13-октябрында Бишкекте Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт. Бул туурасында президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.**

“Алдыдагы иш-чаранын жүрүшүндө шериктештикке катышкан мамлекеттердин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгын кеңейтүүгө жана чыңдоого багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат.

КМШнын бул саммитине шериктештиктин мамлекет башчыларынын катышуусу күтүлүүдө.

Бул жылы Кыргызстан КМШ органдарында төрагалык кылып жаткандыгын белгилей кетүү маанилүү”, - деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.