Бишкекте КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт

2023-жылдын 13-октябрында Бишкекте Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт. Бул туурасында президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Алдыдагы иш-чаранын жүрүшүндө шериктештикке катышкан мамлекеттердин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгын кеңейтүүгө жана чыңдоого багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат.

КМШнын бул саммитине шериктештиктин мамлекет башчыларынын катышуусу күтүлүүдө.

Бул жылы Кыргызстан КМШ органдарында төрагалык кылып жаткандыгын белгилей кетүү маанилүү”, - деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.