Депутаттар Минскке жөнөп кетишти – делегациянын курамы

Бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Беларусь Республикасына расмий иш сапары менен жөнөп кетти. Бул тууралуу парламент билдирди.

Расмий сапардын алкагында төрага Нурланбек Шакиев жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Кошумчалай кетсек, делегациянын курамында депутаттар Медербек Саккараев, Бактыбек Сыдыков, Эльмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов, Мурадил Сыдыков, Бахридин Шабазов жана Арсланбек Малиев бар.