Оштун мэриясы “боз үй” стилиндеги өтмөктү курууну сунуштады

Ош шаарында унаа тыгынын чечүү үчүн дагы үч өтмөк жана эки денгээлдүү жер астынан өтүүчү унаа жолун куруу сунушталды. Бул тууралуу шаардык мэриясы билдирди.

Такталгандай, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов унаа кыймылынан жаралган тыгындарды жоюу максатында дагы үч өтмөк жана эки денгелдүү жер астынан өтүүчү унаа жолун куруу боюнча Ош шаарынын мэриясынын техникалык кеңешмесинин көчмө жыйынын өткөрдү. Алар:

• А. Масалиев, Ы. Монуев көчөлөрүнүн кесилишинде “Боз үй” элесин чагылдырган өзгөчө улуттук стилдеги жөө адамдар үчүн;

• Ы. Монуев, А. Шакиров менен Алимжанов көчөлөрүнүн кесилишинде эки деңгээлдүү жер астынан, үстүнөн унаалар жана жөө жүргүнчүлөр үчүн;

• Г.Айтиев жана Курманжан-Датка көчөлөрүнүн кесилишине жөө адамдар үчүн өтмөк куруу.

Долбоордун алкагында Ы. Монуев көчөсүн кеңейтүү маселеси да бар.

Жеринде тиешелүү кызматтар адамдары жана адистер долбоорлорду ишке ашыруу боюнча бир катар сунуштарын беришти.

Өтмөктүн эскиздик долбоору Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан даярдалып коомдук талкууга чыгарылды. Эгерде сиздерде долбоорго кошумча сунуш, ой-пикир болсо билдирсеңиздер болот. Быйыл долбоор жасалып, өтмөктүн курулуш иштери кийинки жылдын жаз айларынан башталат.