> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жалал-Абадда 11 кызматтык үй курулду
- URL: https://im.kg/biilik/2023/10/05/zhalal-abadda-11-kyzmattyk-ui-kuruldu/
- Published: 2023-10-05T04:50:06.000Z
- Updated: 2023-10-05T04:50:05.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Саясат, #Import 2025-07-22 12:57

**Жалал-Абадда 11 кызматтык үй курулду. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.**

Маалыматка ылайык, аталган турак жайлардын курулушу КР президентинин Иш башкармасы тарабынан жүргүзүлүп, азыркы учурда ички жана тышкы инженердик-коммуникациялык жумуштары калды.

Жалал-Абад облусу боюнча жалпы 50дөн ашуун бир кабаттуу кызматтык үйлөрдүн курулуш жумуштары аяктоо алдында турат. Бул демилге мамлекет тарабынан кызматкерлердин жер которуп, тажрыйба алмашып иштөөсүнө кам көрүү болуп саналат.