Бишкекте жана Чүйдө 12-13-октябрда жолдор убактылуу жабылат

Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө 2023-жылдын 12-13-октябрь күндөрү унаа кыймылы үчүн мал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат. Бул тууралуу ЖКККББ билдирди.

Чектөөлөр 13-октябрда Бишкек шаарында КМШ мамлкекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өткөндүгүнө байланыштуу киргизилмекчи.

Төмөндө чектөө киргизилчү көчөлөрдүн тизмеси:

· «Манас» аэропортунун жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;

· Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып Чүй проспектисине чейин;

· Чүй проспектиси Фучик көчөсүнөн тартып чыгышты карай Манас проспектисине чейин;

· Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;

· «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынан тартып «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине чейин;

· Бишкек шаарынан чыгып, Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолу (объездная дорога) аркылуу Кант шаарына чейин.

ЖКККББ жалпы айдоочуларды мамлекеттик маанидеги иш-чара учурунда жогоруда көрсөтүлгөн жол жээктерине унаа каражаттарын калтырбоого, зарыл болбосо оор жүк ташуучу унаалар менен жолго чыкпай турууга жана жол кыймылынын жөнгө салып турган кызматкерлердин талаптарына баш ийип, жол эрежелерин так сактоого чакырат.