Депутаттык тобунун көчмө жыйыны Баткенде өтүүдө – «Мекенчилдин» курамы

Бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңештин «Мекенчил» депутаттык тобунун көчмө жыйыны Баткен облусунда бир катар обьектилерди кыдыруу менен өтүүдө. Бул тууралуу парламент билдирди.

«Мекенчил» депутаттык тобунун депутаттары Ырысбек Атажанов, Искендер Матраимов, Айбек Алтынбеков, Нурбек Алимбеков, Жусупбек Коргонбай уулу, Улан Бакасов, Карим Ханджеза жана Равшанбек Рысбаев алгач Ош-Ноокат жолундагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Эл өкүлдөрү асфальт төшөө жумуштарындагы сапатка өзгөчө көңүл буруп, стратегиялык маанидеги жолду талаптарга ылайык бүтүрүүнү белгилешти.

Депутаттардын кыдыруусу андан ары Кадамжай районунда улантылып, №43 Бабур атындагы орто мектебинин абалы менен таанышты.

Мектептин биринчи корпусу 1961-жылы, экинчиси 1981-жылы  пайдаланууга берилген. Алгач түрмө катары колдонулган мектеп имаратынын азыркы кезде эскилиги жетип, авариялык абалда турат. Эл өкүлдөрү мугалимдер менен жолугушуп, окуучулардын коопсуздугу жана сапаттуу билим алышы үчүн заман талабына жооп берген жаңы мектеп салууга мыйзам чегинде көмөктөшөрүн билдиришти.

Ошондой эле, кыдырууда депутаттар Кадамжай районуна караштуу  №44 «Дружба» орто мектебине да барышты. 1974-жылы  курулган мектеп имаратында  1000ге чукул окуучу билим алат.  Жарым кылымдан ашык убакыттан бери иштеп келе жаткан имараттын эскилиги жетип, жаңылоо муктаждыгы күч. Эл өкүлдөрү мугалимдердин көйгөйлөрүн жеринен угуп, келечек ээлери үчүн республикалык бюджеттин эсебинен   жаңы мектеп куруу зарылдыгын белгилешти.

«Мекенчил» депутаттык тобу көчмө жыйындын алкагында Кадамжай районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык программалардын аткарылышы боюнча маселелерди кароодо. Ага Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Кадамжай районунун акими катышууда.