Догдуркүл Кендирбаева билим берүү министри болуп дайындалды

Догдуркүл Кендирбаева билим берүү министри болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесинин негизинде Догдуркүл Кендирбаева мурда жүктөлгөн милдеттеринен бошотулуп, КР билим берүү жана илим министри болуп дайындалды.