БАЭ менен Кыргызстан ГЭС куруу үчүн биргелешкен холдингдик компанияны түзүүгө кызыкдар

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров БАЭ Энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл Аль-Мазруи менен жолукту. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Тараптар уставдык капиталы 100 млн долларды түзгөн биргелешкен холдингдик компанияны түзүүгө өзгөчө көңүл бурушту, тагыраагы “Масдар” компаниясы менен биргеликте Ысык-Көл облусунда күн электр станциясын жана ГЭСти куруу жана Абу-Дабидеги “Халифа” экономикалык аймагында кызматташуу.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ар бир келечектүү долбоор боюнча тиешелүү сунуштарды иштеп чыгуу жана далилдүү эки тараптуу иш-чараларды өткөрүү боюнча жумушчу топторду түзүү чечими кабыл алынды.

Өз кезегинде эмират тарап биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну тездетүүгө даяр экендигин белгилеп, эки тараптуу мамилелер өз ара пайдалуу узак мөөнөттүү негизде бекемделип, ийгиликтүү өнүгөт деген ишенимин билдирди.