> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Кыргызстанга келбейт
- URL: https://im.kg/biilik/2023/10/11/armieniianyn-priemier-ministri-nikol-pashinian-kyrghyzstangha-kielbieit/
- Published: 2023-10-11T04:50:29.000Z
- Updated: 2023-10-11T04:50:28.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Саясат, #Import 2025-07-22 12:57

**Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Кыргызстанга келбейт. Бул тууралуу президенттин администрациясы тастыктады.**

Армян тараптын демилгеси менен президент Садыр Жапаров Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, анын ичинде ушул жылдын 13-октябрында Бишкекте өтө турган КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны талкууланды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Пашинян бир катар жагдайлардан улам жыйынга катыша албай турганын өкүнүч менен билдирди.