«Каганат Resort» борборунун тең негиздөөчүсү кармалды – ал Көлбаевдин бизнес өнөктөшү болгон

2023-жылдын 4-октябрында кыргызстандык Азрет Боотаев кылмышка шериктеш катары кылмыш ишинин алкагында кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, Боотаев «Каганат Resort» эс алуу борборунун тең негиздөөчүсү жана «Аврора Групп» ЖЧКсынын ээси, башкача айтканда, Камчыбек Асанбектин (Көлбаев) бизнес өнөктөшү катары иш алып барат.

Ошол эле учурда, кээ бир ЖМКларда Бишкек шаарынын, Курултай көчөсүнүн 53 дарегинде жайгашкан кыймылсыз мүлк башка жаранга тиешелүү делип жарыяланган маалымат чындыка дал келбейт.

Алсак, жаран Молдобаев Кеңешбек Токтогулович өзү жогорудагы даректе жашай турганын буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирген, бирок, иш жүзүндө ал төмөнкү даректе жайгашкан кыймылсыз мүлктүн ээси болуп саналат: Бишкек ш., Курултай көч., №49, төмөндө айтылган даректен башка кыймылсыз мүлк болуп саналат, кылмыш иши козголуп жаткан жана К.Асанбек менен тыгыз байланышта болгон Боотаев Азрет Түркмөновичтин мүлкүнө жакын жайгашып, ал кыймылсыз мүлк төмөнкү даректе жайгашкан: Бишкек шаары, Курултай көчөсү, 53 Боотаев Азрет Түркменовичтин мүлктөрүнүн арасында жана Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде Боотаев Азрет Түркменовичтин атасы болуп саналган жаран Боотаев Түркмен Эркинбаевичтин наамына катталган.

КР УКМК жарандарды, уюшкан кылмыштуу топтордун башчыларынын жана мүчөлөрүнүн мыйзамсыз аракеттеринен жапа чеккендер тиешелүү чараларды көрүү үчүн УКМКнын төмөнкү телефондор боюнча кайрылууларына чакырат: 0 (312) 66-04-75, 0 (312) 62-65-04, 0 (702) 68-28-68.