Келинчегим 1 млрд 200 млн сом салык төлөдү. Сизге эмне керек? – Акылбек Жапаров

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстан криминалсыз бейиштин түрүндөй болот деп соцтармактарда кайрылды.

Бирок Facebook тармагынын колдонуучулары Жапаров өмүр бою мамлекеттик кызматта эмгектенип кантип байлыктарын топтогонуна кызыгышты.

“Келинчегим 1 млрд 200 млн сом салык толоду. Сизге эмне керек?”, деп Жапаров жооп кайтты.

Эске салсак, Акылбек Жапаровдун жубайы Анара Кыргызстанга кондитердик азыктарды жеткирүүчү «Тридас» ЖЧКсына ээлик кылат.