Кылмыштуу топту каржылаган деп шектелген Ахрор Иминов кармалды

КР грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов уюшкан кылмыштуу топту каржылаганы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Такталгандай, ал жүктөрдү ташуу жана логистика боюнча бир катар компаниялардын ишмердүүлүгүнө катышып, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн жалпы кассасына алардын ишмердүүлүгүнөн “салык” чогултууга катышканы (жалпы пайданын болжол менен 30%ы) аныкталды.

Тиешелүү иш-чаралардын жыйынтыгы менен ал Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.