> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улгайган ата-энесин багуудан качкандардын жазасы боюнча мыйзам парламентте колдоо тапты
- URL: https://im.kg/biilik/2023/10/11/ulghaighan-ata-eniesin-baghuudan-kachkandardyn-zhazasy-boiuncha-myizam-parlamienttie-koldoo-tapty/
- Published: 2023-10-11T07:45:35.000Z
- Updated: 2023-10-11T07:45:34.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Саясат, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 11-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында улгайган ата-энесин багуудан качкандардын жазасын күчөтүү боюнча мыйзам долбоору каралды.** 

**Мыйзам долбоорунун депутат Тазабек Икрамов белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты жана милдети эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж болгон ата-энесин багуудан качкан эмгекке жөндөмдүү бойго жеткен балдардын жазасын күчөтүү жана алардын мамлекеттик кызматта болуусун чектөө болуп саналат.**

Талкууда депутат Дастан Бекешев балдарын кароосуз калтырган ата-энелерге да жоопкерчилик киргизүүнү сунуштады. Депутат Камила Талиева балдарына карата арыз жазган ата-энелердин санын тактады.

Депутаттар Жаныбек Кыдыкбаев, Медербек Алиев, Бактыбек Чойбеков аталган мыйзам долбоорун колдоого алышты. Ал эми депутат Нилуфар Алимжанова мыйзам долбооруна ата-энесин багуудан качкан балдар алимент толук төлөгөн учурда жоопкерчилик тартпайт деген толуктоо киргизүү сунушун көтөрдү.

Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору биринчи окууда колдоого алынды.