> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жээнбек Кулубаев беларустук кесиптеши менен жолукту
- URL: https://im.kg/biilik/2023/10/11/zheenbiek-kulubaiev-bielarustuk-kiesiptieshi-mienien-zholuktu/
- Published: 2023-10-11T10:35:13.000Z
- Updated: 2023-10-11T10:35:13.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Саясат, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 11-октябрда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Көз карандысыз беларустук кесиптеши Сергей Алейник менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ТИМ билдирди.**

КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу аянтчаларда кыргыз-беларус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты, ошондой эле алдыдагы тышкы саясий иш-чаралар, анын ичинде 2023-жылдын 13-октябрында Бишкек шаарында өтө турган КМШнын мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны тууралуу сөз кылышты.

Тараптар саясий диалогду колдоонун, соода-экономикалык кызматташтыкты күчөтүүнүн, транспорттук-логистикалык жана өнөр жай чөйрөлөрүндө биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуунун, ошондой эле өз ара кызыгууну жараткан долбоорлорду жана иш-чараларды жүзөгө ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Маектештер өнөктөштүк жана өз ара пайдалуу кызматташтык рухунда кыргыз-беларус мамилелерин кеңейтүү жана тереңдетүү максатында мындан ары өз ара аракеттенүүгө даяр экендиктерин билдиришти.