«Авангард Стилдин» жетекчиси Эрнис Минкеев кармалды

«Авангард стиль» курулуш компаниясынын башкы директору Эрнис Минкеев кармалып, СИЗО-1ге камалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен курулуш компаниясынын директору тергөөнүн жүрүшүндө, башкача айтканда, 4-ноябрга чейин СИЗО-1ге камалды.

Минкеевдин кандай иш боюнча кармалганы белгисиз. Учурда «Авангард Стиль» ЖЧКсынын жалгыз ээси Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча Султанов Темирланбек Калыбекович болуп саналат. Экинчи ээси Султанов Калыкбек Иманалиевич негиздөөчүлөрдөн чыгып кеткен деп көрсөтүлгөн.