Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Бишкекке келди. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Эмомали Рахмонду министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Белгилей кетсек, Рахмон Кыргызстанга 13-октябрда Бишкекте өтө турган КМШ мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келди. Быйыл КР КМШга төрагалык кылууда.