Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди. Бул тууралуу минкаб билдирди.

«Манас» эл аралык аэропортунан Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевди Акылбек Жапаров тосуп алды.

Белгилей кетсек, Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга 13-октябрда Бишкекте өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келди. Быйыл Кыргыз Республикасы КМШга төрагалык кылууда.