Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда, Бишкек шаарында өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин (КМШ МБК) жыйынынын алкагында Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Эки тараптуу кызматташуунун, анын ичинде соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнүн, энергетикалык тармактагы кызматташуунун кеңири спектри, ошондой эле алдыдагы КМШ МБК жыйынынын күн тартиби талкууланды.

Садыр Жапаров Сердар Бердымухамедовго КМШ МБКнын кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга иш сапар менен келүү чакыруусун кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы Түркмөнстанды маанилүү экономикалык өнөктөш катары кароо менен Кыргызстан соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана сапаттуу өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгиледи.

Ал белгилегендей, акыркы эки жылда товар жүгүртүү өсүп, 82 млн долларын түздү. Ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрүнүн ортосундагы байланыштар активдешти. Натыйжада соода-экономикалык өз ара аракеттенүү динамикалуу өнүгүүдө. Бирок, учурдагы көрсөткүчтөр дагы эле жалпы экономикалык потенциалга дал келбейт.

Президент Садыр Жапаров кыргыз тараптын Түркмөнстан менен кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө жана арттырууга, бул потенциалды ачуу үчүн соода, инвестиция жана логистика жаатында келечектүү жаңы долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин белгиледи. Бул контекстте соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-түркмөн комиссиясынын ролу белгиленди.