Судьялар кеңеши 13 судьяны мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча президентке сунуш киргизди

12-октябрда Судьялар кеңеши 13 судьяны мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча президентке сунуш киргизди. Бул тууралуу Жогорку сот билдирди.

Такталгандай, Судьялар кеңешинин чечими менен төмөнкү судьяларды мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө президентке сунуштар киргизилди: Байзаков Н.М., Жамангулов Ж.Ж., Алгожоев З.Б., Алыбаев З.Э., Токтомаматов К.Ж., Сарыбаев Б.А. жана Мойдунов А.А.

Ошондой эле Ноокат райондук сотунун судьясы К.Ж. Калиевага, ара-Суу райондук сотунун судьялары Б.О. Иманбеков, Чүй облустук сотунун судьялары И. В. Горшковская, Г. Т. Кожобекова, Г. Т. Масабирова жана Нарын шаардык сотунун төрагасы С. Ы. Осмоновго карата тартиптик жаза берүү сунушу канааттандырылды.

Алты судьяга карата төрт сунуш боюнча баш тартылып, бир даттанууну кароо кийинки отурумга калтырылды.