Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Кыргызстанга келди

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Кыргызстанга келди. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Такталгандай, Түркмөнстандын президентин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Белгилей кетсек, Бердымухамедов Бишкекте өтө турган КМШ мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келди.