Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Абу-Дабиге келди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Абу-Дабиге (Бириккен Араб Эмираттары) келди. Бул тууралуу өкмөт билдирди.

Жумуш сапарынын алкагында Жапаров Соода жана өнүктүрүү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун конференциясы (ЮНКТАД) тарабынан уюштурулган Дүйнөлүк инвестициялык форумдун 8-сессиясына катышат.

Акылбек Жапаров ошондой эле БАЭ жогорку даражалуу кызмат адамдары менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт, Абу-Дабидеги мамлекеттик корпорациялардын жана алдыңкы компаниялардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анда эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары арттыруу маселелери талкууланат.