Депутаттык топ төрага менен биргеликте Нарын облусун иш сапары менен кыдырып башташты

Бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Нарын облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу парламент билдирди.

Алгач төрага Кочкор районуна караштуу Орток айылында жайгашкан А.Жалпетеков атындагы орто мектептин абалы менен таанышты.

Шакиев окуучулар үшүбөй, жылуу класстарда билим алышы керектигин белгилеп, тиешелүү жетекчилерге оңдоп-түзөө иштерин тез арада бүткөрүү талабын койду.

“Акыркы эки жылда жаңы мектептер, бала бакчалар жана ооруканалар арбын салынып, мурда курулушу башталып бирок бүткөрүлбөй келе жаткан имараттар да ишке берилүүдө. Бул албетте чек эмес. Келерки жылдын бюджети 657 млрд сомдун чегинде бекитилүүдө. Андыктан, туура жүргүзүлгөн экономикалык саясаттын жана коррупцияга каршы көрүлүп жаткан кескин чаралардын натыйжасында мындан ары да көп иштер жасалат”, – деди төрага.

Эскерте кетсек, төрага Нурланбек Шакиевди орун басары Нурбек Сыдыгалиев, депутаттар Жылдыз Садырбаева, Мирлан Самыйкожо, Мурадил Сыдыков, Жылдыз Таалайбек кызы, Кубанычбек Самаков, президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, билим берүү жана илим министринин орун басары Аида Рысбаева, финансы министринин орун басары Эрнст Калдыбаев, архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Талант Иманакун уулу баштаган тиешелүү жетекчилер коштоп жүрөт.