Нурбек Сатаров Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды

Нурбек Сатаров президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.