ӨКМге россиялык Ми-8 МТВ үлгүсүндөгү тик учак алынды

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Россиядан Ми-8 МТВ үлгүсүндөгү тик учак алынды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин сүйлөшүүсүнүн натыйжасында болгон.

"Тик учак бардык аппараттары менен алынды. Лебедка, кычкылтек аппараты, медициналык модуль, өрт өчүрүүчү шайманы, жүргүнчү отургучтары, эки капталында кошумча май бактары, жаңыртылган күчтүүрөөк кыймылдаткыч коюлган", — деди Орунбеков.