Садыр Жапаров Камчы Көлбаевдин кармоо операциясы тууралуу интернеттен окуган

Бишкекте ушул 2023-жылдын 4-октябрында атайын операция учурунда кримтөбөл Камчы Асанбек (Көлбаев) жок кылынды. Бул окуя президент Садыр Жапаровдун пикирин “Кабар” мамлекеттик агенттигине билдирди.

Анын айтымында, ал алгачкы маалыматты интернет булактарынан көргөн.

“Дароо эле башкы прокурорго чалып: "Аскер прокуроруңду алып, өзүң барып, жеринен көрүп мага так маалымат берчи" деп жибердим. Ал барып, жеринен көрүп мага кайра чалды. "Атышуу болуп кетиптир, өлүм бар экен, жарадарлар бар экен" деп, - деп белгиледи Жапаров.

Ошондой эле өнүккөн мамлекеттерде кримдүйнө деген түшүнүк жок деп президент кошумчалады.

“Албетте криминалдык чөйрө мамлекеттин эле эмес, жарандардын, инвесторлордун да ишмердигине терс таасир этет. Каракчылык заманды унутуш керек. Азыр эшикте 21-кылым. Баары мыйзам чегинде болуш керек. Кимдир бирөөнү бирөө каракчылык кылса сөзсүз түрдө күч органдарына кайрылыш керек. Биз тез убакытта өнүккөн мамлекетти курушубуз керек. Ансыз деле алыс барбай эле коелу, кошуна мамлекеттерден бир канча жылга артта калып кетиптирбиз”, - деди президент.