Акылбек Жапаров америкалык миллиардер Рэймонд Далиону Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Абу-Дабидеги Дүйнөлүк инвестициялык форумдун 8-сессиясынын жүрүшүндө америкалык финансист, инвестор жана Bridgewater Associates инвестициялык компаниянын негиздөөчүсү Рэймонд Далио менен жолукту. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактардагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Өз кезегинде Жапаров Рэймонд Далиону Кыргызстанга келип кетүүгө, анда өлкөнүн университеттеринде бул китепте жазылган негизги идеяларды айтып берип, лекция окууга чакырды.

Белгилей кетсек, 73 жаштагы миллиардер жана инвестор Рэймонд Далио 150 млрд долларлык активдерди башкарган Bridgewater Associates компаниясынын негиздөөчүсү.