Көлбаев менен Матраимовго тыгыз байланыштуу деп шектелген 50гө жакын бажычы иштен бошотулду

«Мыйзамдагы ууру» деп аталган Камчы Асанбек (Көлбаев) менен тыгыз байланыштарды аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан пландуу иш-чаралардын жүрүшүндө, Бажы кызматында ведомстволук буйруктарды бузган айрым кызмат адамдар аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Такталгандай, тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө Бажы кызматынын 50гө жакын кызматкери криминалдык авторитет К. Асанбек жана Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен тыгыз байланышта болушкандары аныкталды. Буга байланыштуу Бажы кызматынын жогоруда аталган кызматкерлери ээлеген кызматынан бошотулду.

Учурда жогорудагы мыйзам бузууларга тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо иштери уланууда.