Жайылда УКМКнын райондук бөлүмүнүн оңдолгон имараты ачылды

2023-жылдын 19-октябрында Кара-Балта шаарында КР УКМКнын Чүй облусу боюнча Жайыл райондук бөлүмүнүн имараты капиталдык оңдоодон кийин ачылды. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Жаңы имарат бардык заманбап талаптарга жооп берет жана толугу менен улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин натыйжалуу ишин уюштуруу үчүн зарыл болгон заманбап эмеректер менен жабдылган.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өз сөзүндө улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине кайрылып, мамлекеттин коопсуздугу үчүн жүктөлгөн милдеттерди жогорку кесипкөйлүк менен аткаруу зарылдыгын белгиледи.