Кыргызстан менен Кореянын элчилиги меморандумга кол коюшту

Президенттин администрациясы менен Кореянын элчилигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандумга кол коюу аземи болуп өттү. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Минкаб төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев кыргыз-корей мамилелерин мындан ары чыңдоо жана кеңейтүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде Кореянын элчиси Ли Вонджэ бул документке кол коюу эки өлкөнүн өнөктөштүк жылдарында топтолгон эки тараптуу мамиленин жана кызматташуунун аркасында болгонун белгиледи.

Жыйынтыгында тараптар эки мамлекеттин ортосундагы өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча кызматташууну активдештирүүгө кызыкдар экенин белгилешти.