> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын эки тик учагын Беларусь менен Өзбекстан оңдоп беришти
- URL: https://im.kg/biilik/2023/10/23/kyrghyzstandyn-eki-tik-uchaghyn-bielarus-mienien-ozbiekstan-ondop-bierishti/
- Published: 2023-10-23T04:23:25.000Z
- Updated: 2023-10-23T04:23:25.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Саясат, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын эки тик учагын Беларусь менен Өзбекстан оңдоп беришти. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров соцтармактар аркылуу билдирди.**

Анын айтымында, 2016-жылы Россиянын тарабынан МИ-8МТВ-1 тик учагы берилген. Учак 6 жылдан бери пайдаланылбай турган. Беларусь менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, МИ-8МТВ-1 тик учак ал жактан толук бойдон капиталдык ремонттон өттү. 

> “2021-жылы эки өлкөнүн президенттеринин жетишилген макулдашуусуна ылайык, боордош Өзбекстан Кыргызстанга кайтарымсыз гуманитардык жардам катары берген МИ-8МТВ тик учагын биздин абадан коргонуу күч органынын адистери кабыл алган.

Андан соң Кыргызстандын аскер тик учактар паркында дал ушундай тик учактардын бирин Өзбекстандын “Чирчик авиациялык оңдоп-түзөө заводу” мамлекеттик ишканасына толук капиталдык ремонттон өткөрүүгө берилген”, - деп жазды президент. 

Ремонт иштерин гуманитардык негизде Өзбекстандын Коргоо министрлиги толугу менен моюнуна алган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/10/391686629_2529764217198492_7726665062542564858_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/10/391694000_2529764223865158_8262961325053830745_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/10/391696760_2530349943806586_8362672378947250689_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/10/391713095_2530349897139924_4240618220447954788_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/10/392931165_2529764207198493_8486053930088095318_n-1.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/10/392940265_2530349893806591_5345960971084649249_n.jpg)