Кыргызстандын эки тик учагын Беларусь менен Өзбекстан оңдоп беришти

Кыргызстандын эки тик учагын Беларусь менен Өзбекстан оңдоп беришти. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров соцтармактар аркылуу билдирди.

Анын айтымында, 2016-жылы Россиянын тарабынан МИ-8МТВ-1 тик учагы берилген. Учак 6 жылдан бери пайдаланылбай турган. Беларусь менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, МИ-8МТВ-1 тик учак ал жактан толук бойдон капиталдык ремонттон өттү.

“2021-жылы эки өлкөнүн президенттеринин жетишилген макулдашуусуна ылайык, боордош Өзбекстан Кыргызстанга кайтарымсыз гуманитардык жардам катары берген МИ-8МТВ тик учагын биздин абадан коргонуу күч органынын адистери кабыл алган.

Андан соң Кыргызстандын аскер тик учактар паркында дал ушундай тик учактардын бирин Өзбекстандын “Чирчик авиациялык оңдоп-түзөө заводу” мамлекеттик ишканасына толук капиталдык ремонттон өткөрүүгө берилген”, - деп жазды президент.

Ремонт иштерин гуманитардык негизде Өзбекстандын Коргоо министрлиги толугу менен моюнуна алган.