Акылбек Жапаров Монголиянын премьер-министри менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ менен жолукту. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Минкаб төрагасы эки мамлекеттин башчыларынын ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк түзөөрүн улантты.

Акылбек Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнү жогорулатуунун, Монголия, Кытай жана Кыргызстандын ортосунда автомобиль транспорту боюнча үч тараптуу макулдашууну түзүүнүн жана Азия автомобиль жолдору боюнча эл аралык автотранспорт боюнча азыркы макулдашууга кошулуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде эки тараптуу кызматташтыкты жана көптөгөн тармактарда, анын ичинде соода-экономика, тоо-кен, транспорт, айыл чарба жана башка тармактарда өз ара аракеттенүүнү мындан ары кеңейтүүнүн жана тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал ошондой эле үстүбүздөгү жылдын жай айларында ачылган Кыргыз Республикасынын Монголиядагы элчилигинин жакшы иштерин белгиледи.